Балыкчы-Кочкор жолу аптасына 3 жолу жабылып турат
2162
                                    
                                    
                                                                     Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Балыкчы-Кочкор унаа жолунда аптасына 3 жолу чектөө болорун маалымдады.
Мекемеден билдиришкендей, 16-октябрдар тартып дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90–42+90-чакырымдар аралыгы эртең мененки саат 8:00дөн 17:30га чейин жабылып турат.
Аталган тилке Балыкчы-Кочкор темир жол долбоорунун курулушунун ишке ашыруунун алкагында аска таштарды бургулоо жана жардыруу жумуштарына байланыштуу бир ай аралыгында жабылып турары белгилүү болду.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17735