Кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү тиркеме иштелип чыкты
2413
                                    
                                    
                                                                     Кыргыз тилин жеңил үйрөтө турчу "Кыргызча оңой" / "Easy Kyrgyz" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия маалымдады.
Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев программа заман талабына жараша үйрөнүүгө жеңил болуп иштелип чыкканын билдирди.
Колдонмодо кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралган. Android жана iOS системаларында жеткиликтүү.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17432