"Төө-Ашууга" кар жаады, каттам ачык
1888
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 18-сентябрга карата Бишкек-Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда кар жаады. Бул туурасында Транспорт министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, таңкы саат 5:00терде кар жааган. Жол тейлөө ишканасы кардан тазалоо жана туз-кум аралашмасын чачуу иштерин жүргүздү.Учурда аба ырайы жакшырууда. Унаалардын кыймылына эч кандай тоскоолдуктар жок.
Жеринде нөөмөт уюштурулуп, атайын жол техникалары менен камсыздалган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17383