Дүйнө чемпионаты (U-20): Самаган Ормонов коло медалга ээ болду
2231
                                    
                                    
                                                                     Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн жаштар (U-20) курама командасынын мүчөсү Самаган Ормонов Испанияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Балбан 130 кг чейинки салмак категориясында катышып, беттешин 1/16 финалдан баштаган. Ал чехиялык атаандашып утуп, ирандык балбанга жеңилип калган.
Көңүл жубатуучу беттеште азербайжандык Мазаим Мардановду 9:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Коло медаль үчүн беттеште Армениянын балбанын 3:3 эсебинде утуп, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17187