Паралимпиада оюндары: Кыргыз спортчуларынын мелдештерге чыгуу жадыбалы
2287
                                    
                                    
                                                                     Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан XVII Жайкы Паралимпиада оюндарында кыргызстандык төрт спортчу өлкө намысын коргойт.
Маданият министрлигинен спортчулардын мелдештерге чыга турчу жадыбалын жарыялады.
- 1-сентябрь, саат 14:00, 16:00
 - Пара жеңил атлетика (1500 м) - Гүлназ Жүзбаева.
 - Пара триатлон - Айтунук Жоомарт кызы.
 - 6-сентябрь, саат 14:10, финал 20:00
 - Пара дзюдо - Маматибраим Суранов (73 кг).
 - 8-сентябрь, саат 14.35
 - Пара пауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 кг).
 
Эске салсак, Паралимпиада оюндары 28-августта старт алды. Мелдештерге спорттун 22 түрү бтюнча 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышууда. Жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17117