ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн делген жерлердин тизмесин жарыялады
2889
                                    
                                    
                                                                     Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүшү мүмкүн делген жерлердин тизмесин жарыялады.
Эске салсак, Кыргызгидромет бүгүн-эртең, тагыраагы 28-29-августтарда өлкө аймагында нөшөрлөп жамгыр жаашы мүмкүн экенин кабарлаган.
Сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн делген тилкелер:
- Бишкек – Ош жолунун 140-200-чакырымдарында
 - Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун 155-170-чакырымдарында
 - Талды-Суу – Арал жолунун 4-15-чакырымдарында;
 - Ош – Раззаков жолунун 40-100-чакырымдарында;
 - Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24-чакырымдарында.
 
Министрлик элди, айдоочуларды сак болууга чакырат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/17096                                    
                                
                            