Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
2413
                                    
                                    
                                                                     Салык кызматынын чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чарага көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү, акциянын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары катышты.
Буга чейин көз карандысыз комиссия акциянын июнь айындагы этабынын катышуучуларынын арасынан 5 жеңүүчүнү аныктаган. Ага ылайык:- Баш байге iPhone 14 - Айзирек Асанова;
 - Смартфондор - Динаркуль Сатарова, Фаина Кубатбекова, Элимбек Корпобаев жана Акылай Эркимбаева утуп алды.
 
Белгилесек, ай сайын өтүүчү акцияга катышуу үчүн жарандар өздөрүнүн Facebook же Instagram баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу пост жайгаштыруусу керек.
Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Facebook жана Instagram расмий баракчаларында жеткиликтүү.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/16675                                    
                                
                            
                            
                            