Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаты кармалды
3372
                                    
                                    
                                                                     УКМК тарабынан "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан шаардык кеңешке депутаты кармалды. Коопсуздук комитетинин маалыматында деуптат массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелүүдө.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) депутаты Н.Ж.К. кармалды.
"Ал Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырыктарды жарыялаган", - деп айтылат маалыматта.Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/16580                                    
                                
                            
                            
                            
                            