Кыргызстандагы аты жок чокуга президент аталыш ыйгарды
3098
                                    
                                    
                                                                     Садыр Жапаров 5576 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Бириккен улуттар уюмунун чокусу" деген аталыш ыйгарды. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдиришти.
Бүгүн, 2-июлда Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга "Бириккен улуттар уюмунун чокусу" деген ысым берилгендиги туурасында сертификат тапшырды.
Мамлекет башчы Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок чокуга "Бириккен улуттар уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирди.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/16522                                    
                                
                            