Бишкекте Совет көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
2783
                                    
                                    
                                                                     Бишкектеги Абдрахманов (Совет) көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери улантылат. Буга байланыштуу 29-июндан тарта аталган көчөнүн бөлүгү жабылат дешет мэриядан.
Маалым болгондой, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. 29-июнда көчөнүн аталган бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ал эми 29-июндан тарта капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу:
- Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши;
 - Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
 
Тема боюнча:
Мындан тышкары 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин жабуу мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек жолу көчөлөрүндө жүрүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/16476                                    
                                
                            
                            
                            