Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулары куткарылды
2669
                                    
                                    
                                                                     Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыкты. Кырсыктан 10 адам куткарылды дешет ӨКМдан.
Көп кабаттуу үйдөгү өрт бүгүн, 24-июнда катталды. Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылып, саат 14:05те өрт толук өчүрүлдү.Өрт чыккан үйдөн 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланды. Азырынча өрттүн себеби тактала элек.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/16443                                    
                                
                            
                            
                            