"Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршыбыз" Түштүк Кореяда тынчтык митинги өттү
3918
                                    
                                    
                                                                     Түштүк Кореядагы кыргыздар "Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршыбыз" деп тынчтык митингине чыгышты
Кечээ, 10-майда Түштүк Кореяда жашаган кыргыздар Тажикстандын элчилигинин алдында нааразалык акциясына чыгышты.
Кореяда жашап жаткан кыргыз студенттер, ишкерлер жана жумушчулар Тажик бийлигин айыптап, төмөндөгүдөй талаптарды коюшту:
- Тажикстандын бийлиги Кыргыз Республикасындагы жөнөкөй жарандарды өлтүргөнү үчүн кечирим суроосун;
 - Тажик бийлиги Кыргызстанга бастырып кирген куралдуу күчтөрүнүн жетектегендерди жана Баткендеги жашоочуларды өлтүргөндөрдү жоопко тартуусун;
 - Тажик бийлиги тараптан келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүсүн;
 - Келечекте Тажикстандан буга окшогон аскердик агрессиянын алдын алуусун;
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/1583