Ысык-Көл облусунун башчысы болгон Уланбек Далиевдин өмүр баяны
3742
                                    
                                    
                                                                     Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Уланбек Далиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.
Уланбек Далиев 1967-жылы Ысык-Көл районунун Жети-Өгүз айылында төрөлгөн. 1992-жылы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1984-1985-жылдары - Жети-Өгүз айылдык керек-жарак коомунда тракторист;
 - 1994-жылы - Жети-Өгүз мамлекеттик атайын чарбасында жумушчу;
 - 1995-жылы - Жети-Өгүз мамлекеттик атайын чарбасында агроном;
 - 1996-жылы - Жети-Өгүз айыл чарба кооперативинде башкы инженер;
 - 2004-жылы - Жети-Өгүз айыл өкмөтүндө салык инспектору;
 - 2003-жылы - "Айыке" дыйкан чарбасынын мүчөсү;
 - 2013-2017-жылдары - Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы;
 - 2017-2020-жылдары - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары;
 - 2020-жылдын ноябрынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.
 
Эске салсак, 14-февралда Эмилбек Абдыкадыров облус башчысы кызматынан бошотулган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/15564