Өлкөнүн жаңы муфтийи Абдулазиз Закиров болду. Өмүр баяны
9406
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын муфтийи кызмат ордуна Абдулазиз Закиров бекитилди. Бул туурасында Муфтияттан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын 8-чи кезексиз курултайы өтүп, анда өлкөнүн муфтийи шайланды.
Закиров Абдулазиз Назирбековичтин өмүр таржымалы
- Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.
 
Билими: жогорку
- 1993-1998-жылдары- Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;
 - 2009-2015-жылдары - Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда илим алган;
 - 2015-2018-жылдары - Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.
 
Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү
- 2002-2005-жылдары - Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы "Абу Бакр ас-Сыддык" медресесинин мүдүрү, "Абу Бакр" мечитинин имам-хатибинин орун басары;
 - 2005-2008-жылдары - Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;
 - 2008-2011-жылдары - Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;
 - 2011-2013-жылдары - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;
 - 2012-жылы - Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);
 - 2013-2021-жылдары - Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;
 - 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.
 
Сыйлыктары
- 2005-жылы - "Абдулла ибн Аббас" медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;
 - 2015-жылы - КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;
 - 2017-жылы - "Аймак" облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;
 - 2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен "Ардактуу Казы" алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.
 
Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/15520