АФК Кубогу: "Абдыш-Ата" клубу "Алтын-Асырды" 4:2 эсеби менен жеңди
4282
                                    
                                    
                                                                     "Абдыш-Ата" (Кант) футбол клубу АФК Кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында түркмөнстандык "Алтын-Асырды" 4:2 эсеби менен жеңди.
Беттеш 30-ноябрда Түркмөнстандагы "Ашхабад" стадионунда өттү. Биринчи таймда талаа ээлери 2 гол жаратып, эсепти ачса, экинчи таймда 18 мүнөттүн ичинде "Абдыш-Ата" 4 гол (Фархат Мусабеков 2 гол, Эрнист Батырканов 1 гол, Эммануэль Ягр 1 гол) киргизе алды.
Муну менен "Абдыш-Ата" - АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.
Эми чечүүчү турда "Абдыш-Ата" клубу Түркмөнстандын "Мерв" клубу менен беттеш өткөрөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/15059