Ысык-Көлдө крим чөйрөнүн дагы бир өкүлү кармалды
4275
                                    
                                    
                                                                     Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип кармалган жаран криминал экени аныкталды. Облустук милициядан билидиришкендей, кармалган жаран Балыкчы шаарынын тургуну.
Маалым болгондой, буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ШИИБине кайрылып, алдамчылык аракеттерден улам 3 миллион сомдон ашык материалдык зыянга учураганын айткан.
Бул факты боюнча 209-берене (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында 49 жаштагы Б.Б. кармалды.
Кармалган жаран Балыкчы шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14813