Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду
3123
                                    
                                    
                                                                     Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгенин ээси болду.
Кыргызстандык спортчу 62 килограмм салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген. Ал эми чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилип калды.
Нонока Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу Тыныбекова жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14674