"Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу. Тажикстандын аскерлери Кыргызстанга келишти
3729
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстанга Тажикстандын аскердик контингенти "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусуна катышуу үчүн келди. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, 5-октябрда тажик контингентинин тынчтыкты орнотуучулары Тажикстандан Кант шаарына аба каттамы менен келип, машыгуу өткөрүлө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашты. №20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги тарабынан аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргызстанда Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин - Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу өтөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14669