Парламентте Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкуусуз кабыл алынды
2831
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеш "КР Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү дароо 3 окууда кабыл алды.
Жыйында Надира Нарматова мыйзам долбоорун талкуулабай эле добушка коюуну вице-спикерден суранды.
"Матчество эч кимге керек эмес, ошондуктан талкуусуз эле добуш бериш керек!" - деди ал.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюп, 64 депутат "макул", 2 депутат "каршы" добуш берди.
Эске сала кетсек, мыйзам долбоору президентке жана Конституциялык соттун төрагасына төмөнкү учурларда соттун чечимдерин кайра кароого жиберүү укугун берет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми, анын негизинде чечим кабыл алынганда;
 - даттануу үчүн чечим кабыл алынган учурда Конституциялык сотко белгисиз болгон жаңы олуттуу жагдайлар табылганда;
 - чечим Кыргызстандын элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келгенде.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14590                                    
                                
                            