Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Аны ким тосуп алды?
3072
                                    
                                    
                                                                     Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда Душанбе шаарына барды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
Президент менен барган расмий делегациянын курамы:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары - Адылбек Касымалиев;
 - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри - Жээнбек Кулубаев;
 - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Муратбек Азымбакиев;
 - Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси - Эрлан Абдылдаев;
 - Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14401                                    
                                
                            
                            
                            
                            
                            
                            