Айбек Күрөңкеев "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды
2437
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 8-сентябрда, "Альфа Телеком" (Mega, мурдагы MegaCom) жабык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мамытов кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Күрөңкеев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Айбек Күрөңкеев 1984-жылы 8-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2002-2003 - Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар альянсы, долбоордун менеджери;
 - 2003-2004 - Окуу-консалтинг борбору, финансылык консультант;
 - 2004-2007 - "Ареопаг-Бишкек", финансы аналитиги, финансы менеджери;
 - 2007 - M&P компаниясы, Душанбе (Тажикстан), финансы директору;
 - 2007-2008 - "Шоро", Логистика департаментинин директору;
 - 2008-2010 - ISR Consult, башчы;
 - 2010-2014 - "Кыргызстан" мамлекеттик эмес топтоо пенсиялык фонду, башкы директор;
 - 2014-2016 - "Кыргыз Телеком" ААК, "Бишкек шаардык телефон тармагы" филиалы, директор;
 - 2017-2021 - "Байланыш операторлорунун ассоциациясы", аткаруучу директор;
 - 2021-жылдын 1-августунан тарта - "Электрондук коммерция ассоциациясы", негиздөөчүсү, президент;
 - 2023-жылдын 8-сентябрынан тарта - Mega, башкы директор.
 
Сыйлыктары:
- Өлкөнү санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн президенттин Ардак грамотасы;
 - Электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн экономика жана каржы министринин Ардак грамотасы;
 - өлкөнүн IT жана телекоммуникациялык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик байланыш министринин Ардак грамотасы;
 - Кыргыз IT-форумунун "Жылдын ачылышы: электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" номинациясынын диплому.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14322