Нурдан Орунтаев Туңгуч конушундагы жайларды мыйзамсыз ээлеп алган уюмдардын ишин токтотту
2790
                                    
                                    
                                                                     Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте вице-мэр Нурдан Орунтаевдин катышуусунда муниципалдык жайлар үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып жатканын жеринде аныкташкан.
Бул факты инвентаризациялоо учурунда аныкталган. Тунгуч кичи районундагы турак жайлардын жер төлөлөрүн мыйзамсыз ээлеп алышкан:
- №17/2 үйдүн жер төлөсүндө тигүү цехи, аянты - 800 чарчы метр;
 - №36/2 үйдүн жер төлөсүндө спорт зал, аянты - 525 чарчы метр
 
Бирок көчүрүү иштери жүрүп жатканда тигүү цехинин жана спорт залдын өкүлдөрү муниципалдык менчикти бир нече күндүн ичинде бошотууга убада беришти.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14114