Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны айтылды
3909
                                    
                                    
                                                                     УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарда топтолгон унаалар тууралуу маалымат таратты. Анда бүгүн, 24-август саат 12:00гө карата Казакстанга кирүү үчүн кезек күткөн унаалардын саны 600дөн ашат.
- "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда – 379 унаа;
 - "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 73 унаа;
 - "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 89 унаа;
 - "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 73 унаа.
 
Чек ара кызматы Кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары күнүмдүк тартипте иштеп жатканын маалымдайт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/14105