Бишкекте көмүр пункттары ачылды. Дареги, баасы
4338
                                    
                                    
                                                                     Бишкек шаардык мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүр өз убагында даярдалганын маалымдайт. Бүгүнкү күндө шаардын райондорунда көмүр сатуучу пункттар ачылды.
Биринчи Май районунда төрт пунктта Шабыркүл көмүрү төмөнкү даректер боюнча сатылат:
- Барпы Алыкулов көчөсү, 1Д/1;
 - Достоевский көчөсү, 1.
 - Байланыш номери: 0555 570 777.
 
Кара-Жыра көмүрү:
- Мурманск көчөсү, 45/2;
 - Путпроводная жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде;
 - Байланыш номери: +996 (555) 439 195.
 
Октябрь районунда көмүр сатуучу 1 пункт жайгашкан, көмүр базасында 2300 тонна көмүр бар:
- Достоевский көчөсү, 97к дарегинде.
 
Свердлов районунда 1300 тонна Шабыркул көмүрү бар:
- Достоевский көчөсү, 1 дарегинде
 
Ленин району боюнча көмүр базалары төмөнкү даректерде иштейт:
- Мурманская көчөсү, 126 дарегинде Миң-Куш көмүрү;
 - Мурманская көчөсү, 45/2 (мурдагы Торг-Синтез ЖЧК) Кара-Жыра көмүрү.
 
Белгилей кетсек, көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда. Бишкек мэриясы кезек жаратпоо үчүн алдын ала көмүр сатып алууга чакырат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13941