Ысык-Көлдө автокырсыктан 8 адам каза тапты, арасында ымыркайлар бар. Тизме
2698
                                    
                                    
                                                                     Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуя тууралуу Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.
Айтымдарында, 13-августка караган түнү Тоң районунда BMW менен Audi унаалары бетме-бет сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, BMW унаасы жогорку ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге чыккан. Анын кесептинен BMW`нын айдоочусу жеринде каза болгон.
Кырсыктын кесепетинен жалпы 8 адам каза болду, арасында 1,5 жарым жаштагы жана 5 айлык балдар болгон. Андан тышкары 6 адам жабыркап, Балыкчыдагы ооруканга жеткирилди.
Жабыркагандар:
- 1964-жылы туулган А. А. С. - Нарын облусунун тургуну
 - 1983-жылы туулган Ж. Ч. У. - Нарын облусунун тургуну
 - 1992-жылы Ж. кызы Ф. - Нарын облусунун тургуну
 - 1997-жылы туулган Э. уулу Н. - Нарын облусунун тургуну
 - 2003-жылы туулган М. М. Р. - Көк-Мойнок айылынын тургуну
 - 1985-жылы туулган Т. Э. Д. - Тоң районунун тургуну
 
Каза болгондор:
- 1957-жылы туулган М. Д. - Балыкчы шаарынын тургуну
 - 1959-жылы туулган О. Р. - Балыкчы шаарынын тургуну
 - 1959-жылы туулган С. Э. - Балыкчы шаарынын тургуну
 - 1989-жылы туулган Э. уулу М. - Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну
 - 2021-жылы туулган Н. У. - Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну
 - 2023-жылы туулган М. уулу Б. - Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынан
 - 1978-жылы туулган Р. Р. М. - Көк-Мойнок айылынын тургуну
 - 1964-жылы туулган Н. Д. К. - Көк-Мойнок айылынын тургуну
 
Бул жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат бере элек.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13935                                    
                                
                            