Министрликтеги чугун батареяларын уурдоого аракет кылгандар кармалып калды
2842
                                    
                                    
                                                                     Бишкекте министрликтин биринде имаратка кирип, чугун батареяларын уурдоого аракет кылгандар кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалыматында айтылат.
Такталгандай, 8-августка караган түнү ИИМдин Күзөт кызматына Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин биринин нөөмөтчүсү телефон чалган. Ал имараттын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөнүн билдирген.
Жерине атайын топ барып, Mercedes Benz унаасын текшергенде багажынан министрликке тиешелүү чугун батареялар алынган. Уурулукка шектелип 1973-жылы туулган Р.Г., 1991-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган Т.В., 1972-жылы туулган Ш.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13887