Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында айрым эрежелер өзгөрдү
2960
                                    
                                    
                                                                     Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө 6-августтан баштап өзгөртүүлөр киргизилди. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей, "Торугарт-автожол" жана "Иркештам-автожол" өткөрүү жайлары күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп баштады.
- Аптанын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт;
 - Дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтер жана башка жарандар жөө жана жеңил автоунаа менен өтө алышат;
 - Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары гана өтө алышат;
 - Өткөрүү жайлары мындай эреже менен 2023-жылдын 30-сентябрына чейин иштейт.
 
Чек ара кызматынан Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруусу керектигин эскертти.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13841