Кытай офтальмологдору Бишкекте көзгө операцияларды жасашат. Бейтаптарды каттоонун графиги
3293
                                    
                                    
                                                                     Кытайдан келген офтальмологдор катарактаны текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлап, бейтаптарды каттоо качан башталарын айтты.
2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында "Экспресс ден соолук – Жаркын саякат" долбоорунун алкагында Кытайдан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.
Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо:
- 7-августтан 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) жүргүзүлөт. Кабыл алуу дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 16:00гө чейин болот.
 - Бейтаптар аты-жөнүн тастыктаган документтерди, маалымкаттарды (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) алып келиши керек.
 - Байланыш үчүн телефон: 0990800483.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13756