Семёнов- Тянь-Шань чокусунан чет элдик жаран 10 күндөн бери изделүүдө
3327
                                    
                                    
                                                                     Семёнов- Тянь-Шань чокусунан чет өлкөлүк жаран изделүүдө. Анын бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын жакындары кабарлашкан.
ӨКМнын маалыматына караганда, 23-июлда саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого "Эдельвейс" кошуунунун 8 куткаруучусу чокуга чыгышкан. Саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан "Хижина Рацекага" кайтышкан.Эске салсак, Семёнов - Тянь-Шань чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай калган. Аны издөө "Эдельвейс" куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз жүргүзүлүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13594