Жасалма кыргыз паспорту менен жүргөн чет элдик жаран кармалды
3085
                                    
                                    
                                                                     Кыргыз Республикасынын паспортторун мыйзамсыз даярдаган канал аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.
Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды. Ал 20-июлда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13550