"Төө-Ашуудагы" тоннелде унаалардын каттамына кирген чектөө узартылды
3274
                                    
                                    
                                                                     "Төө-Ашуудагы" К.Көлбаев атындагы тоннелде транспорт каражаттарына кирген чектөө дагы узартылды. "Кыргызавтожол" ишканасынын маалыматына караганда, чектөө 26-июлга чейин созулат.
Анда тоннелдин эски асфальт-бетон катмарын сыйрып алуу, жаңы асфальт-бетон төшөө иштери улантылат.
Унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр:
- саат 5:00дөн 8:00гө чейин;
 - саат 10:00дөн 12:00гө чейин;
 - 14:00дөн 16:00гө чейин киргизилет.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13531