Мурдагы элчи, экс-министр Жаныш Рустенбеков каза болду
2938
                                    
                                    
                                                                     Мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда анын жакындары билдирди.
Рустенбеков 1949-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь айылында туулган.
- 1993-1995-жылдары мамлекеттик катчы, президенттин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.
 - 1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болгон. Кийин өкмөткө караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигин жетектеген.
 - 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. 2005-2007-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министри.
 
Кошумчалай кетсек, Рустембеков Кыргызстандын Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы элчиси да болгон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13354