Каржы министрлиги: Жогорку Кеңештин жарым жылдык чыгымы 571 млн сомду түздү
2942
                                    
                                    
                                                                     Жогорку Кеңешти тейлөөгө январь-июнь айларына республикалык бюджеттен 571 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.
398 миллион 526 миң сом маянага коротулган.
Калган каражаттар:
- Соцфондго төлөмдөр - 53 миллион 933 миң сом;
 - Иш сапарлар - 15 миллион 540 миң;
 - Байланыш кызматтарын колдонгону үчүн - 2 миллион 303 миң сом;
 - Автоунааларды жана жабдууларды тейлөөгө - 21 миллион 339 миң сом;
 - Имарат жана курулмалар үчүн - 19 миллион 147 миң сом;
 - Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу - 57 миллион 257 миң сом;
 - Чарбалык максатта сатып алынган буюм-тайымдар - 3 миллион 144 миң сом;
 - Транспорттук чыгымдар - 70,5 миң сом;
 - Коммуналдык кызматтарга - 353 миң сом.
 
Ошондой эле ЖК төрагасынын резервдик фондуна 12 миллион 618 миң сом берилген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/13247