Убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүү Бишкектен кармалды
2920
                                    
                                    
                                                                     Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен, киши өлтүрүүгө шектелген 29 жаштагышектүү Бишкектен 6-июнда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
"Ал 6-июнда Бишкек шаарынын аймагынан кармалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, ИИМ оор кылмыштарга шектүү 29 жаштагы киши 5-июнга караган түнү нөөмөтчүнүн мойнуна бычак такап, колуна кишен салып, оозуна чүпүрөк тыгып, ачкычын алып качып кеткенин билдирген. Мындан улам ага издөө жарыяланган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. Буга ылайык, убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүүнү качырууга көмөктөшкөн деп эки милиция кызматкери кармалганы белгилүү болгон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12809                                    
                                
                            