Жалпы колдонуудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди
3526
                                    
                                    
                                                                     Жайкы мезгилде жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Мындай чектөөлөр жолдун катмарын сактап калуу үчүн киргизилүүдө.
Эскерте кетсек, мындай чектөөлөр 2021-жылдан баштап жай айларында киргизилет.
- Чектөө төмөнкү унааларга жайылтылбайт:
 - жүргүнчүлөрдү ташуу;
 - гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн ташууларды жүргүзүү;
 - тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуу;
 - габариттүү жана оор жүктөрдү атайын берилген уруксаттын негизинде ташуу;
 - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана күтүүгө Транспорт министрлиги тарабынан тартылган жол органдары жана подряддык уюмдар.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12704