Президент катышкан достук турнири: Чейрек финалга чыккан командалар
2993
                                    
                                    
                                                                     Футбол боюнча салтка айланган "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады
Бүгүн, 27-майда 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.
Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:
- "Президенттин командасы" – "Спорт Жылдыздары";
 - "Коопсуздук" – "Ыйман";
 - "Спорттук Федерациялар" – "Достук";
 - "Өнөр" – "Ден-Соолук".
 
Эртең, 28-майда "Газпром- балдар" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.
Оюндарды УТРК түз эфирде көрсөтөт. Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.
Белгилей кетсек, турнирди көрүүнү каалагандардын бардыгы үчүн "Газпром - балдарга" спорт комплексине кирүү акысыз.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12565                                    
                                
                            
                            
                            
                            
                            
                            
                            
                            
                            
                            