Анжелика: Шаардык кеңешке өтпөй калды деген маалымат туура эмес
4395
                                    
                                    
                                                                     Ырчы Анжелика Кайратова "Биздин эл" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон болчу. "Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам", - деп билдирди.
"Бирок, менин көздөгөн максатым - элге кандай болсо дагы пайда алып келүү! Ден -соолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!" - деп Анжелика, Instagram баракчасына жазган.
Эске салсак, 11-апрелде республика боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 25 саясий партия талапкерлигин койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча алты партия өттү. Алар:
- "Эмгек" - 13,8%.
 - "Ак Бата" - 12,15%.
 - ЭДПК – 10,43%.
 - "Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63%.
 - "Ынтымак" - 8,34%.
 - "Биздин Эл" - 7,73%.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/1253