Садыр Жапаров Москвага жөнөп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?
2663
                                    
                                    
                                                                     Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына барды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашат.
Тема боюнча:
Президент Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле эртең, 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
- Адылбек Касымалиев - министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
 - Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
 - Гүлнара-Клара Самат - Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчиси;
 - Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
 - Аяз Баетов - юстиция министри;
 - Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
 - Самат Кулмамбетов - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;
 - Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12469                                    
                                
                            
                            
                            
                            