Сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидромет чукул кабар таратты
2535
                                    
                                    
                                                                     24-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Белгилүү болгондой, 23-24-майда жамгыр жаап, Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон - Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
"Автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык кыймылы чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12453