Өлкөдө калктын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Энелер күнүнө карата кызыктуу фактылар
3295
                                    
                                    
                                                                     Өлкөдө 3 миллион 357 миң аял бар. Бул 2023-жылдын 1-январына карата алынган сандар экенин Улуттук Статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Кыргызстан айымдары тууралуу кызыктуу фактылар:
- аялдар калктын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгүн, тагыраагы, 50,6 пайызын түзөт;
 - Кыргызстанда биринчи баласын төрөгөн энелердин орточо курагы 23 жашта;
 - 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет;
 - шаарларда 1 миллион 286 миң аял жашаса(36 пайыз), айыл жергесинде 2 миллион 271 миң аял (дээрлик 64 пайызы) жашайт;
 - 2022-жылы өлкө боюнча 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял "эне" макамына ээ болгон;
 
Белгилей кетсек, май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Аталган майрам 2012-жылдан бери белгиленип келет.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12397