Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер командасы Азиянын зоналдык чемпионатына катышат
3259
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Непалда боло турган Азия чемпионатынын борбордук зонасына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.
Мелдеш Катманду шаарында 20-30-май күндөрү өтөт.
Улуттук курама команданын тизмеси:
- Диана Искакова (байланыштыруучу);
 - Огулай Кудайкулова (байланыштыруучу);
 - Айдай Кадырова (тосмочу);
 - Камила Кумарбекова (тосмочу);
 - Анастасия Горлова (тосмочу);
 - Нурселя Чоробаева (чабуулчу);
 - Роза Расулбек кызы (чабуучу);
 - Адина Маматжан кызы (чабуулчу);
 - Алина Гаркушина (чабуулчу);
 - Айтурган Айтбекова (диагонал);
 - Гүлүм Жумалиева (коргонуучу);
 - Айымкан Өмүрбек кызы (коргонуучу)
 - Наргиза Акматова (резерв);
 - Алена Шелеметьева (резерв).
 
Кураманын башкы машыктыруучу Абдухамид Айсаходжиев.
Эске салсак, 2021-жылы Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналдык чемпионатында төртүнчү орунга илинген.
Бангладештин Дакка шаарында өткөн Азиянын зоналдык биринчилигине Кыргызстандан тышкары Бангладеш, Мальдив, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланканын курама командалары күч сынашкан.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12348