Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова кызматтан бошотулду
3529
                                    
                                    
                                                                     Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 28-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Ал эми министрликтен маалыматты ырастап, Надира Жусупбекова өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын белгилешти.
Жусупбекова министрдин орун басары кызматын 2018-жылдан бери ээлеп келген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12165