Ушул айда бензиндин баасы кымбатташы мүмкүн
3928
                                    
                                    
                                                                     Үстүбүздөгү жылдын май айында бензин 1,5-2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.
Белгилүү болгондой, Россияда бензинге болгон дүң баа жыл башынан бери 35 пайызга жогорулаган.
Кымбаттоого бир нече жагдайлар себеп болуп жатат:
- Батыш мамлекеттеринин Россия мунайынын баасына чектөө койгондуктан сырьёну казып алуу кескин кыскарды. Анын кесепетинен мунай азыктарын өндүрүү азайып, бензиндин баасы өсүп жатат;
 - Жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт;
 - Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмуна мүчө мамлекеттер майдан тарта мунайды өндүрүүнү кыскартуу чечимин кабыл алган;
 
Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан бери эле жогорку деңгээлде сакталып турат.
"Буга Россия майды Кытай, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөргө дагы экспорттоп жатканы себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/12015