Жалпы республикалык тестирлөөнүн датасы белгиленди
3983
                                    
                                    
                                                                     Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Жалпы республикалык тестирлөө төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
- I этап: 2023-жылдын 20-21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
 - II этап: 2023-жылдын 23-24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
 - III этап: 2023-жылдын 23-24-июнунда - жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
 
Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11967