Тенгиз Бөлтүрүк СИЗОдон бошотулду
3486
                                    
                                    
                                                                     "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүк боюнча соттук материалды карады. Прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, ага карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11938