Бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат
3509
                                    
                                    
                                                                     Бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.
Чемпионат 30-апрелден 14-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт.
Учурда улуттук команда ал жакта окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.
Кыргызстандык боксчулардын тизмеси:
- Анвар Хожиев (48 килограмм салмак категориясы);
 - Нуржигит Дүйшебаев - 51 кг;
 - Санжар Сейдакматов - 54 кг;
 - Мунарбек Сейитбек уулу - 57 кг;
 - Жантөрө Ташиев - 63.5 кг;
 - Мирзахид Имамназаров - 69 кг;
 - Жакшылык Таалайбеков - 67 кг;
 - Нурадин Рустамбек уулу - 71 кг;
 - Данияр Дамирдин уулу - 75 кг;
 - Өмүрбек Бекжигит уулу - 80 кг;
 - Эркин Адылбек уулу - 86 кг;
 - Бакыт Токтосун уулу - 92 кг;
 - Оомат Элчоро уулу - +92 кг.
 
Курама команданын машыктыруучулары: Акыйкат Абаев, Данияр Төлөгөн уулу жана Улан Сагынбаев.
Турнирдин байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11844