Ленин округу боюнча шайлоо. Эки талапкер арыздарын чакыртып алышты
2516
                                    
                                    
                                                                     Эки талапкер №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Буга чейин берген арыздарын чакыртып алгандар:
- Иманкулов Бекзат Муратович (5-апрелде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген);
 - Шапанов Нурлан Нуркамилович (20-апрелде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген).
 
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде (кошуп алганда) аяктайт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11808                                    
                                
                            