Үч айда жол эрежесин бузган айдоочулардан мамлекетке 119 млн сом өндүрүлгөн
2793
                                    
                                    
                                                                     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2023-жылдын үч айында жол эрежесин бузган 234 миң 303 айдоочуну аныктады. Башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиргендей, алардын ичинен:
- 3 312 - тиешелүү документтери жок унаа айдагандар;
 - 3285 - мас абалында унаа айдагандар;
 - 29 912 - ылдамдыкты сактабаган фактылары;
 - 72 159 - коопсуздук курун тагынбастан айдоо фактылары;
 - 905 - алдыңкы айнекти мыйзамсыз караңгылатуу;
 - 101 - мамлекеттик каттоо номуру жок транспорт каражатын айдоо;
 - 91 - автобейбаштык фактысы;
 - 88 544 - жол белгилерин сактабагандыгы үчүн;
 - 5 384 - каршы тилкеге чыгуу үчүн;
 - 30 610 - башка жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн.
 
17 миң 390 унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочулардан мамлекеттик бюджетке 119 миллион 276 миң сом өндүрүлгөн.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11614