Президенттин Ош облусундагы жаңы өкүлү тааныштырылды. Жетекчинин резюмеси
3480
                                    
                                    
                                                                     Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бүгүн, 14-апрелде Элчибек Джантаев дайындалды. Жаңы дайындалган жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Жаңы дайындалган облус башчы тууралуу:
1973-жыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында төрөлгөн.
Эмгек жолу
- 2002-2003-жылдары статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
 - 2003-2009-жылдары жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
 - 2009-2012-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
 - 2013-2014-жылдары Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
 - 2014-2018-жылдары Ак-Суу районун акиминин орун басары;
 - 2018-2020- жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
 - 2020-жылдын июнь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
 - 2020-жылдын ноябрь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
 - 2021-жылдын май айынан тарта Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
 - 2021-жылы Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11588