Тажикстанга тонналаган пиязды алып өтүүгө аракет кылган Лейлектин тургундары кармалды
2982
                                    
                                    
                                                                     Баткен облусунда жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоо аракети бөгөттөлдү. УКМКдан кабарлашкандай, жашылча-жемиштер Тажикстанга ташылмак.
31-мартта УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан "Жаңы-Бак-Маргун-Арка" айланма унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter 3 наасы токтотулган. Анда жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз алынган. Жүктөрдү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Лейлек районунун тургундары: 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. кармалышты.
Жыйынтыгында жүк ташыган унаалар "Орто-Боз" чек ара заставасынын №2022 аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11288